АКШнын Огайо штатындагы Цинциннати шаарында Кыргыз маданият борбору ачылат. Маданий борбор 31-август - Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүк күнүнө карата ачыларын Огайо штатындагы кыргыздар жана мекендештердин бирикмесинин социалдык баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө АКШда кыргыз китепканасынын ачылышы болот. Анда борбордук жайлардын биринде Кыргыз жарандары жазуучулардын чыгармалары менен таанышып, балдарга элдик жомоктор тууралуу китептер сунушталат. Цинциннати шаарында 300дөн ашуун кыргыздар жашайт.
Маданий борбордун максаты - кыргыз маданиятын, тилин өнүктүрүү, салтын сактоо.
Мындан тышкары 31-август жана 1-сентябрда кыргыздар арасында спартакиада өтөт. Анда мини футбол, волейбол, үстөл үстүндөгү теннис, чуркоо, канат тартыш, армрестлинг, шахмат, тогуз коргоол, кыргыз күрөш жана ордо боюнча оюндар болот.
Иш-чарага Огайо штатындагы кыргыздардан тышкары Нью-Йорк, Чикаго, Филадельфия, Питтсбург, Висконсин жана Калифорния штатында жашаган мекендештер катышат.