Таштанды жайга айланган болчу. Бишкекте 10 гектар жерге 5 айда сейил бак салынды (фоторепортаж)

Бүгүн, 30-августта Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Ч.Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын ачылыш аземи өттү. Аземге президент Сооронбай Жээнбеков, мэр Азиз Суракматов катышты.

Сейил бактын жалпы аянты 10 гектардан ашык жерди түзөт. Бул ири аянттагы жер тилкеси буга чейин каралбай, таштанды жайына айланган. Жер аянтын калыбына келтирип, сейил бакка айлантуу үчүн "Бишкек шаардык жашылдандыруу", "Бишкек курулуш" муниципалдык ишканалары бирге иш алып барышкан.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ачылыш аземде сөз сүйлөп жатып, жалпы элди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, аталган эс алуу бак шаар тургундарына жана меймандарына белек экенин кошумчалады. Ал өз сөзүндө сейил бак кыска убакыттын ичинде курулуп бүткөнүн белгиледи.

"Сейил багын куруу тапшырмасы апрель айында берилген. Бишкек мэриясы, шаардык кеңештин депутаттары кыска мөөнөттө сейил бакты бүтүрүштү" деди президент.

Ал эми мэр Азиз Суракматов "жаңы сейил бак борборубуздун көркүн ачып, шаарыбыздын тургундарына жаркын маанай, жаңы күч-кубат бере турганына ишенем" деп билдирди.

Сейил бактын ачылыш аземи кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн концерттик программасы менен уланууда.

Шаар тургундары жаңы сейил багында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
altyn-kumush
2019-08-30 12:15:14
Үзүрлүү эмгегиңиздер үчүн рахмат.
+33
interpol
2019-08-30 12:25:11
Өркүндөй бер өсө бер
Өз тагдырың колуңда
+29
bond02
2019-08-30 13:22:50
Жакшы пайдаланалы эми, бузуп талкалабай.
+28
bema_bema
2019-08-30 13:49:27
Жакшы жанылык жылыш ошентип анан болот
+21
XAN-TORO
2019-08-30 14:09:35
Кут кылсын! Биз талкалап коюп кытайдын арзан товары экен дебей жакшы мамиле кылалы
+25
zevs
2019-08-30 14:16:39
Sonun boluptur.kuurap bawtaganda kachan chondor uchastok kylyp bolup alat dep korkup jurdum ele.
+14
aruuzat88
2019-08-30 18:57:00
Биз да абайлап мамиле кылсак оз салымыбызды кошкон болобуз,паркка айланганы барып таштанды ыргытып,сындырбай...
+14
mr.ulan89
2019-08-30 19:52:45
Шаардын кайсыл жеринде бул парк
+3
Zulya2
2019-08-30 22:38:52
mr.ulan89,ала арча деген парк барго проспект мира да ошонун жанында
+5
Merelisha
2019-08-31 08:23:10
Сонун, призидентибиз алга!
+3
Bektur2011
2019-08-31 09:35:23
Президентке рахмат! Бул жерге далай бизнесмендер коз кызартып жургон болчу
+2
Take_men
2019-08-31 10:38:15
Аябай жакшы парк салынды. Буюрса бактар чоңойсо укмуш парк болот
0
Nevestkaa
2019-08-31 20:59:36
Парк эле сала бербей жок дегенде 500адамды иш орду мн камсыз кылган ишкана салбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан