Президент Сооронбай Жээнбеков Советтер Союзу мезгилинде Фрунзе шаары жашыл шаар деп таанылганын, бирок акыркы мезгилде шаар ал атынан ажырап баштаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-августта Ч.Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди. Президенттин айтымында, күжүрмөн эмгек менен калаанын жашыл шаар деген атын кайра кайтаруу аракеттери учурда кызуу жүрүүдө.
“Бир эле Советтер Сюзу учурунда эмес, ага чейин деле Фрунзе шаары жашыл шаар аталып келген. Шаарыбыз акыркы учурда жашыл шаар деген атын жогото баштады. Айрыкча, кыш келгенде борборубуз түтүнгө айланып калууда. Бул жагдай шаарыбызда жашыл саясаттын жоктугу жана куруу иштериндеги саясатка туура эмес мамиле жасалгандан улам келип чыгууда. Шаардын көркү - жашыл бактарда, эс алуу жайларында, таза көчөлөрүндө жана кооз имараттарында. Биз Бишкекке жашыл шаар деген атты кайтарабыз”, - деди өлкө башчы.