Бүгүн, 30-августта Ош шаарында мугалимдердин Август кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Кеңешмеде жаңы окуу жылына карата даярдыктар эң мыкты деп эсептелген билим берүү мекемелерине сыйлыктар тапшырылып, мэр Таалайбек Сарыбашев шаардык билим берүү башкармалыгына мугалимдерди колдоо иретинде 100 миң сом бөлүп бере турганын убадалады.
Мындан тышкары 3 мектепке интерактивдүү такта, 4 бала бакчага түстүү принтер тапшырылып, алдыңкы мугалимдер мэриянын ардак грамотасы менен сыйланышты.
Мэр Таалайбек Сарыбашев менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева мектептерге жаңыдан мугалим болуп барган жаш мугалимдерге жана Орусиядан келген окутуучуларга белектерин берип, 20 ардагер мугалимге мэриянын атынан акчалай сыйлык тапшырды.