Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогуна арналган мелдеште 1-Лиганын финалында "Ак-Суу" менен "Бакубат Талас" командалары күч сынашат.
Маалымдай кетсек, көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогунун Жогорку Лиганын финалында адатагыдай эле, кыргыздын Эль-Класикосуна айланган "Ынтымак" менен "Достук" командалары саат 15:00дө кез келет.
Бекбото Дамир уулу оюндун акыркы мүнөттөрүндө дагы 1 улак таштап эсепти 9:0 кылганга үлгүрүштү. Ышкырык жаңырды. "Бакубат Талас" турнирдин 1-Лигасынын мыктысы аталды.
Эсеп саны 8:0. Бекбото Дамир уулу дагы 1 улак таштады.
Кайрадан "Ак-Суу" командасынын тай казанына Таластын улакчылары улакты узактан ташташты. Эсеп 7:0.
Оюндун 3-бөлүгү "Ак-Суу" командасы үчүн ийгиликтүү болгон жок. Мелдештин жүрүшүндө аталган команданын 3 оюнчусу жаркат алышты.
Буга чейин 2 улак ыргытып, Аватар атын минип жүргөн Нооруз Раатбек уулун бул оюндун чабуулчусу деп атасак болчудай. Айтып бүтүп, ооз жыйгыча эле Нооруз кайрадан бир улак таштады.
Ат майданына "Тез жардам" кызматы келди алдын ала маалыматтар боюнча "Ак-Суу" командасынын бир оюнчусу жаракат алды
3-бөлүктүн башталышына аз гана убакыт болгонуна карабастан, "Бакубат Талас" командасы улакты тай казанга ыргытканга үлгүрүштү. Эсеп саны 4:0. Таластыктар алдыда.
Айта кетсек, Жогорку Лиганын финалында жеңишке жеткен команда президенттин Кубогун жана 1 миллон сом акчалай сыйлык алмакчы
Оюндун 2-бөлүгү аягына чыкты. Көрүүчүлөр ат майданына агылып келип, башында бош турган трибуналар толо баштады.
Бекбото Дамир уулу улакты эңип алдыга умтулду, бирок ал оюн талаасынан чыгып кетти
"Бакубат Талас" табында экенин дагы бир жолу далилдеп 1 улак салганга жетишти. Улакты Талантбек Замирбек уулу тай кайзанга таштады.
"Ак-Суу" командасы мыкты чабуул уюштуруп алдыга чыкты эле, бирок Таластын коргоочулары мүмкүнчүлүктү үзүп салды.
Көпчүлүк берип жаткан суроо бүгүн Жогорку Лиганына финалында Бойка ат майданына чыкпайт. Анын жаракаты айыга электиги айтылууда. Ал эми Манас Ниязов Штормду минип чыгаары белгилүү болду.
Улак жерде, Чүйдүн улакчылары улакты эңип тай казанды көздөй чабышты эле чабуул үзгүлтүккө учурады.
Оюндун 2-бөлүгү башталды. Таш такым болгон улакчылыр бири-бирине улакты оңой-олтоң бере койбой улак үчүн күрөшүүдө
Ышкырык жаңырып 1-тайм 2:0 эсебинде жыйнтыкталды. Алдыда "Бакубат Талас" командасы.
1-бөлүктүн аякташына саналуу мүнөттөр калды. Чүйдүн командасына эс алуу керек экенидиги көрүнүп турат
Айта кестек, аталган оюнда жеңишке жеткен команда Жогорку Лигага өтмөкчү. "Бакубат Талас" буга чейинки оюндарда атаандаштарын чоң эсеп менен утуп келген.
Нооруз Раатбек уулу өзүнүн 2-улагын салып, эсеп санын 2:0 кылды
Оюндун жүрүшү финалга чыныгы күчтүү командалар чыкканын көрсөтүүдө. Оюнчулар бири-бирине улакты тай казанды көздөй ыргытууга мүмкүнчүлүк бербей жаткан. Бирок Нооруз Раатбек уулу өзүнүн Аватар атту аты менен алып учуп 1 улак салганга жетишти. Эсеп 1:0 "Бакубат Талас" алдыда
Чүйдүн улакчылары алдыга чабуул жасап, Таластыктарга кыр көрсөтүшүүдө. Бирок чабуул оңунан чыкпай, упай алып келген жок.
Оюнчулар жекеме-жеке чыгышып, улакты эңип кетүүгө аракет кылышууда.
«Ак-Суу»командасынын курамы (Чүй облусу)
1. Жолдошбек уулу Бакыт
2. Чолпонкулов Айбек
3. Адисбек уулу Адилет
4. Алсеитов Мирлан
5. Асанкулов Бек
6. Кадырбеков Арген
7. Айбек уулу Улук
8. Кудайберген уулу Бекзат
9. Адамбаев Боло
10. Раис уулу Айбек
11. Омураалы уулу Нуртилек
12. Асылбеков Нурбай
«Бакубат Талас» командасынын курамы (Талас облусу)
1 Дамир уулу Бекбото
2 Жоорутбек уулу Азамат
3 Раатбек уулу Нооруз
4 Догдурбек уулу Абсамат
5 Руслан уулу Эламан
6 Толонов Ариет
7 Жаныбай уулу Райымберди
8 Мергенбай уулу
Рыскелди
9 Талантбек уулу Таянычбек
10 Эмилбек уулу Турат
11 Ашымбек уулу Нурбек
12 Замирбек уулу Талантбек
Айта кетсек сары түстөгү формачан бул "Ак-Суу" командасы ал эми жашыл түстөгү формачан "Бакубат Талас" командасы.
Командалар оюн талаасына чыгып, улак ташталып оюн башталды.
Командалардын аттарын калыстар тобу текшергиче Асылбек Өзүбеков чогулган күйөрмандарга бир шингил таштап, өзүнүн белгилүү болгон чыгармасын аткарууда
Кереметтүү көл жээгинде орун алган ат майданына командалар чыгып, бата берилип оюн башталарына бир канча көз ирмемдер калды. Аталган оюнду көк бөрүнүн үнү аталып калган белгилүү Асылбек Өзүбеков алып барууда