ЭЛДИК КАБАР: "Майрам алдында маанайым бузулду" деген окурман жашоочуларды тазалыкка чакырды

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну кайрылды. Анда ал кечээ, 30-августта райондун борбордук базарында тартылган сүрөттөр менен бөлүшкөн.

"Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун борбордук базарындагы абал ушул! Ар дайым "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тазалап кетет, бирок кайра эле жергиликтүү калк таштандыны туш келди таштап салууда. Чынын айтканда, биздин жергиликтүү эл тазалык маселесин чечүүгө салым кошпой жатат.

Айыл өкмөт да буга жеңил кароодо. Базар ичинде эртеңки (ред.30-августтагы абалды айтып жатып) майрамдык шөөкөт болуп турганда ушул таштандыны көрүп маанай түштү. Бүгүн майрамда кандай болот болду экен?", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Assalomuallekum
2019-08-31 10:17:10
Туура соз тазалык деньсолук чыныгы,ыймандын жарчысы
+5
Samatalibei
2019-08-31 12:50:32
Ошол жерде жашаган мусурду суйот экенда
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан