Бүгүн, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарындагы борбордук аянтта майрамдык иш-чара башталды. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов ачып, келген конокторду майрам менен куттуктады.
Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков шаар тургундарын, келген конокторду бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештер! Сиздерди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Бүгүн баарыбыз үчүн эң ыйык күн. Баарыбыз жапа тырмак жаратмандыкка багыт алышыбыз керек. Аксап калган экономиканы жандантып, алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек. Таза абийирдүү бийликти түзүп, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы", - деди президент.