Кыргыздын Эль-Класикосуна айланган "Ынтымак" менен "Достук" беттешинде ким жеңүүчу аталат оюндун жүрүшү көрсөтөт.
Айта кетсек 1-Лиганын финалында "Бакубат Талас" "Ак-Сууну" ири эсепте утуп жеңүүчү аталды. Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогуна арналган мелдеште Жогорку Лиганын финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашат.
Майрамбек Рысбеков "Ынтымактын" тай казанына улак таштап оюндун жыйынтыгын чечип койду
Мелдештин бүтөөрүнө саналуу мүнөттөр калганда, оюнчулар курч оюн тартуулап аттарын сабай алдыга умтулууда.
Оюн башталды. Сейитбек такымга бек кыса улакты алып жөнөдү.
Адаттагыдай эле оюндун акыркы мүнөттөрүнө чейин жеңүүчү ким болоору интрига бойдон калат окшойт.
Нуржан Мелисбек уулу өзүнүн Кара Куш аттуу аты менен тай казанга барып 1 улак таштап эсеп санын теңеди.
Тай казанга ыргыган улакты "Достуктун" оюнчулары абадан кармап калгандай. Курч оюн орун алууда. Ал арада Манас Ниязов өзүнүн 2-улагын салганга жетишти.
Аудасбек Мырзабек уулу улакты тай казанга ыргытты эле ал тай казанга түшүп, кайра сыртка чыгып кетти. Бул учурда көрүүчүлөрдүн жүрөгүү шуу дей түштү окшойт.
Сейитбек Анарбек уулу тай казанды көздөй умтулду эле улакты тай казанга туштап таштоого колунун каруусу жетпей калды окшойт.
Ак бөрүнү минип чыккан Манас Ниязовду кайрадан капталдан сүзүшүп ал жерге "Тез жардам" кызматы келди эле Ниязов кайрадан жардам алуудан баш тартты. Көрүүчүлөр Манас деп уран чакырып, оюнчуну колдоп жатышат.
3-бөлүк башталды. Командалар дароо эле чабуулга өтүштү.
2-бөлүк аягына чыкты. Эсеп 1:1. Дагы да болсо оюнчулар менен калыстар тобунун ортосундагы пикир келишпестик уланууда
Оюн майда чыр менен коштолууда. "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов калыстар тобунун чечими менен макул эместигин айтууда
Манас Ниязов чабуулга чыгып атынан кулады. Аты да, өзү да жерде жатат. "Тез жардам" кызматы келгенине карабай оюнчу аны кайра артка жиберди.
Улакка улак менен чабуулга чабуул менен жооп берип жаткан мыкты оюн орун алууда. Көрүүчүлөрдүн сүрөөсү, такасынан чаң чыккан аттардын жүрүшү мыкты оюн тартулоодо.
Манас Ниязов көрүүчүлөрдүн көксөгөнүн кандырып тай казанга 1 улак таштады.
Айбек Темирбаев улакты такымга басып тай казанды көздөй чуркады эле, атаандаштары оюн талаасынан сүрүп чыгарды. Эреже бузулуп, улак Айбек Темирбаевдин такымында калды. Ал эми "Ынтымактын" бир оюнчусу 2 мүнөткө жаза мамысына байланды.
Манас Ниязов улакты эңип чабуулга өттү. Айта кетчү нерсе, ал Кыяз Ниязовдун Ак бөрү деген атын мингенин көрүүгө болот. Бойканын жоктугу ага сезилип жаткандай.
2-бөлүк башталды. Көрүүчүлөр жанданып, оюнчуларга дем күч берүүдө. Убакыт "Достук" командасына каршы ойноп жаткан учуру.
1-бөлүк аяктап, калыстын ышкырыгы жаңырды.
Аудасбек алдыга чыкканга аракет кылып жаткан учурда Кыяз Ниязов келип чабуулду бузду.
Жекеме-жеке чыгууда Аудасбек өзүнүн мыкты экенин көрсөтүүдө. Бөлүктүн аяктаарына саналуу мүнөттөр калды. 2 команда да тең эсеп санын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Манас Ниязов улакты алып, тай казанга аттын башын бурду эле атаандаштары оюн талаасынан сүрүп чыгарып чабуул үзгүлтүккө учурады.
1-бөлүктүн аякташына 7 мүнөт калды. Ал аңгыча Айбек Темирбаев улакты эңип, такымга басуу аракетин көрүп жатат.
Оюн бир калыпка түшүп калгандай, көрүүчүлөр өзүлөрү колдоп келген командаларынын атын айтып кыйкырып, алдыга сүрөп жаткан кези.
Көк бет Геркулеске туруштук берип жаткан учуру. Жекеме-жеке чыгууда оюнчулардан да минип жүргөн аттарынын ролу чоң. "Ынтымак" чабуул баштап, акырындан атаандашынын тай казанына барып 1-улакты таштады. Улактын автору Аудасбек Мырзабек уулу
Башка командалардын оюндарына салыштырмалуу аталган 2 команданын оюну динамикалуу жүрүп жатканын байкоого болот.
Талааны чаңдата оюнчулар алгачкы чабуулдарын башташты. Алгач эле Манас Ниязов улакты алып тай казанды көздөй умтулду. Бирок чабуул максатына жеткен жок.
Ышкырып жаңырып, улак ташталып оюн башталды.
"Ынтымак" (Талас облусу):
1. Мадалбек уулу Нияз
2. Сагынбек уулу Дастан
3. Талант уулу Адилет
4. Койгелдиев Марлис
5. Толобек Эрлан
6. Орозбаев Жолдошбек
7. Анарбек уулу Сейитбек
8. Руслан уулу Жакшылык
9. Мырзабек уулу Аудасбек
10. Раушан уулу Урмат
11. Мелисбек уулу Нуржан
12. Табышев Астаркул.
"Достук" (Ош облусу):
1. Майлубашев Таши
2. Темирбаев Айбек
3. Айдаркул уулу Нурсултан
4. Жолчу уулу Жоодар
5. Султанбеков Бабаравшан
6. Рысбеков Майрамбек
7. Русланов Султан
8. Ниязов Кыяз
9. Азимкул уулу Анаке
10. Ниязов Манас
11. Мукаев Белек
12. Исаков Ильяз.
Ал эми биз өз кезегебизде 2 командага тең ийгилик каалайбыз. Күчтүүсү жеңсин. Командалардын курамы менен таанышып алыңыздар.
Командалар тизилип калыстар тобунун текшерүүсүнөн өтүшүүдө.
Эл дүркүрөтө кол чаап, белгилүү артистти дагы бир ыр ырдап берүүсүн өтүнүүдө. Куйкум сөзү менен көк бөрүнү кызыткан Асылбек Өзүбеков элдин сунушун четке каккан жок.
Көпчүлүк күткөн оюн башталуу алдында турат. Азыркы тапта Асылбек Өзбеков көрүүчүлөрдүн маанайын ачып ыр аткарып берип жаткан чагы