Бүгүн, 31-августта мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Орусиядан өлкөгө жеңиш менен кайтып келет. Кечээ ал "М1 Global" уюму уюштурган мелдеште украиналык спортчу Андрей Лежневди жеңген болчу.
"Бизде дагы бир жеңиш! Дүйнөдөгү эң ири уюмдардын бири "М1 Global" уюштурган дагы бир беттеште Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетип, жалпы мекендештерди сүйүндүрүп турган чагы.
Кудайым буюрса, кезектеги беттеште "М1 Global" уюмунун курун Кыргыз өлкөсүнө алып келет деп ишенебиз. Бүгүн, Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да Манас эл аралык аэропортунан спортчуну машыктыруучусу Кенжебек Чекиров жана жалпы командасын тосуп алабыз", - деп жазылат уюштуруучулардын маалыматында.