Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу M-1 уюму өткөрүп жаткан беттеште украиналык спортчу Андрей Лежневди жеңип алды. Бул тууралуу маалымат каражаттары аталган уюмдун расмий баракчасына жарыяланган маалыматка таянып жазышууда.
Мелдеш Орусиянын Оренбург шаарында өттү. Спортчулар жалпы үч раунд күч сынашып, ар бир раундга 5 мүнөттөн убакыт сарпталган.
Кыргыз спортчусу кийинки беттешинде чемпиондук наам үчүн ат салышышы мүмкүн. Ал М-1 Global уюмунда 2 жылдан бери күч сынашып келет. Мындан мурунку беттешинде М-1 уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич жана Залимбек Омаров аттуу мушкерлерди жеңген болчу.