Көк бөрү: Оштун "Достук" командасы президенттин Кубогун жеңип алды

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогуна арналган мелдеште Жогорку Лиганын финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашты.

Бүйүр кызыткан, көрүүчүлөрдү ордунан тургузуп, бирде сүйүнтүп, бирде демин ичине катырган оюнда Оштун "Достук" командасы жеңишке жетишти.

Нааразычылык менен коштолгон оюнда Манас Ниязов тай казанга 2 улак таштаса, оюндун бүтүшүнө 1 мүнөт калганда Майрамбек Рысбеков "Ынтымактын" тай казанына улак ыргытып оюндун жүрүшүн чечти.

"Ынтымак" командасы калыстар тобунун чечими менен макул эместигин айтып, өз нааразычылыктарын билдиришти.

Айта кетсек, уткан команда 1 миллион сом акчалай сыйлыкка жана Кубокко ээ болот, ал эми 2-орунду алган "Ынтымак" командасы 500 миң сом акчалай сыйлык алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Muslim_KGstana.
2019-08-31 16:49:42
Ихууу Алга Ош,Алга Ош,Алга Ош.
Кана жанагы борец ))
Айтып койгулачы Ош женип алды деп))
+13
Beck_13
2019-08-31 18:50:36
Muslim_KGstana.,Манас азаматсын братишка. Ийгилик сага братишка. Айтып койгула жанагы таластыка, Намыс менен Улакты Оштуктардан талашпасын!!!
+6
asylbekova
2019-08-31 16:50:27
Урааааа Достук чемпиоооооон!!!!
+14
JENTLEMAN
2019-08-31 16:55:36
Азаматсыңар Достук, Азаматсыңар Ынтымак.
+12
murat17
2019-08-31 17:01:51
Балдар балдар Ош
+10
Fake
2019-08-31 17:02:31
Азаматсынар Достук урааа!
+10
jemile
2019-08-31 17:03:39
Рахмат "Достук","Ынтымак" кызыкту оюн үчүн, азаматсыңар, майрамыңыздар менен кыргыз эли!
Алга Кыргызстан,алга Көк бөрү!!!!
+7
Bars88
2019-08-31 17:03:46
Экоо тен кучтуу команда.
+8
bahabaike
2019-08-31 17:17:14
Кызыктуу оюн болду, болунбойлу достор Ынтымак да кучтуу экен бирок Достук характерин корсотту. Достукту куттуктайм жана судьялардын иши суроо жаратат
+4
interpol
2019-08-31 17:51:22
Мыкты оюун болду. Калыстар калыстыгынан тайды бирок буйрук экен Достук жеңди. Ар дайым достукта ынтымактуу болуп жүрө бергиле Кыргызым
+5
Dembele84
2019-08-31 20:39:04
Эгерде Достукта Ынтымактын аттары болгондо,жеп эле алмак экен
+4
ulaAjidar
2019-08-31 23:01:17
Судьялар эсен эле болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан