Манас Ниязов: "Оюн кубалашып өттү, бирок ийгилик бизге жылмайды"

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогуна арналган мелдеште Жогорку Лиганын финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашты.

Бүйүр кызыткан, көрүүчүлөрдү ордунан тургузуп бирде сүйүнтүп, бирде демин ичине катырган оюнда Оштун "Достук" командасы жеңишке жетишти.

Нааразычылык менен коштолгон оюнда Манас Ниязов тай казанга 2 улак таштаса, оюндун бүтүшүнө 1 мүнөт калганда Майрамбек Рысбеков "Ынтымактын" тай казанына улак ыргытып оюндун жүрүшүн чечти.

Белгилүү улакчы Манас Ниязов оюндан соң Кыргыз элин майрамы менен куттуктап төмөндөгүлөргө токтолду:

"Бүгүнкү оюн оор болду. 2-команда тең өзүнүн мыкты экенин көрсөтүштү. Бирок бул ирет ийгилик бизге жылмайып жеңишке жеттик. Кийинки оюнда Бойка менен чыгам. Бул жолу оюнга Бойка чыкмак, бирок, жарааты толук бүтсүн деп чыгарган жокпуз. Ага карабастан, Шторм да өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп Бойканын ордун басты", - дейт Манас Ниязов.

Манас Ниязов: "Оюн оор өттү, бирок ийгилик бизге жылмайды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shabi
2019-08-31 17:32:04
Ай карасапчик
+12
Bekobala
2019-08-31 17:51:08
Достук оштуктардын ким экенин далилдеп койду молодец
+8
JENTLEMAN
2019-08-31 18:04:13
Bekobala, Антип Ош Талас деп болбой эле, жөн гана "Достуктун жигиттери азамат" деп эле кала берсеңерчи. Достук дайыма эле утуп жүргөн жокко.
+5
Beck_13
2019-08-31 18:40:58
Манас азаматсын братишка. Ийгилик сага братишка. Айтып койгула жанагы таластыка, Намыс менен Улакты Оштуктардан талашпасын!!!
+10
sabirdinovich
2019-09-01 11:02:09
Beck_13,Таластыктардай болуп өпкөлөлүп жатып, силер Оштуктар да мактанып сөздөн жаңылып албагыла
+1
Azyk_tegin
2019-08-31 18:46:23
Оштуктар молодцы кроме Соке Саткынова
-11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан