Бүгүн, 31-августта мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Орусиядан өлкөгө жеңиш менен кайтып келди. Аны Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан күйөрмандары, жакындары тосуп алышты.
Кечээ ал "М1 Global" уюму уюштурган мелдеште украиналык спортчу Андрей Лежневди жеңген болчу.
Аба майданында болгон күйөрманынын айтымында, аны менен чогуу машыктыруучусу Кенжебек Чекиров да келди.
"Машыктыруучусу Бусурманкул Абдибаит уулу бутунан бир аз жаракат алганын айтты. Эми алар дарыгерге көрүнүшөт. Эгер октябрга чейин айыгып калса, дарыгерлердин уруксаты болсо, октябрдын аягында Казактсанда өтүүчү М-1 уюмунун чемпиондук курун алууга катышат", - деди ал.
Абдибаит уулу М-1 Global уюмунда 2 жылдан бери күч сынашып келет. Мындан мурунку беттешинде М-1 уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич жана Залимбек Омаров аттуу мушкерлерди жеңген болчу.