Бүгүн, 31-августта Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата "Ала-Тоо" борбордук аянтында майрамдык иш-чара болуп өттү. Шаар тургундарына арналган концерт кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы патриоттук ырлар менен коштолду.
Көз карандысыздыктын урматына арналып уюштурулган иш-чара Бишкек шаардык мэриясы жана жергиликтүү радиолорунун бири менен биргеликте уюштурулган. Алып баруучулук тизгинди Эркин Рыскулбеков, Айгүл Курманова алып барып, элге жакшы маанай тартуулоо аракетинде болушту.
Аянтта жылдагыга салыштырмалуу эл көп болуп, арасында балдарын жоготуп, тапкан ата-энелер дагы болду. 12 бала ата-энесинен адашып, Чүй-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын көзөмөлүндө турганын Эркин Рыскулбеков айтып өттү. Майрамдоо үчүн аянтка чогулган элдин саны болжол менен 30 миң адамга чамалады. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек мэриясы тастыктады.
Концерт майрамдык фейерверктердин асманга атылуусу менен жыйынтыкталды.