"Ала-Тоо" аянтында таштандылар тазаланды (фоторепортаж)

Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө уюштурулган концерттен кийин “Ала-Тоо” борбордук аянтын тазалоо иштерине “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тартылган. Бүгүн, 1-сентябрда SUPER.KG порталы "Ала-Тоо" аянтындагы иш-чарадан кийинки абал менен жеринен таанышып кайтты.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын атын атагысы келбеген кызматкерлери аянтты тазалоо иштери тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Түндө жыйып-тазалоо иштерине жалаң эркек жумушчулар тартылды. Аянтка желим чоң контейнерлерден 40 даана орноттук. Бул албетте шаардыктардын таштандыларды ар жерге таштап кеткенин алдын алуу үчүн коюлган. Бирок болбой эле жеп ичкендеринин калдыктарын туш келди жерге таштаган жарандар дагы болду. Ошентсе дагы салыштырмалуу түрдө элдин күндөн-күнгө тартипке келип жатканы байкалды”, - деди аталган ишкананын кызматкерлеринин бири.

Учурда аянттан сырткары шаардын көчөлөрүн тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elb_2121
2019-09-01 11:13:37
Контенерлеода чон экенда аябай эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан