Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев аман-эсен табылды

31-август күнү Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип, дайынсыз болуп жатканы жана аны куткаруучулар издөөгө алганы маалымдалган. Ал 1-сентябрга караган түнү 02:10 чамасында аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдө сүзүп баратып, дайынсыз жоголгон. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, жалпы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу, “Мөлтүр” жана “Москва” кемеси, 1 катер тартылып, саат 02:10 чамасында дайынсыз болгон киши аман-эсен табылган. Ал Тоң районунун Шор-Булак айылынын тушунда көлдө сүзүп келе жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2019-09-01 09:39:08
Быйылкы жылдын эн жакшы жанылыктарынын бири болду го дейм.
+6
Jelezo
2019-09-01 09:46:28
Өмүрү узун болсун
+3
oSporte
2019-09-01 10:32:42
Бир бай сууга чөмүп кетсе бүт бийлик төбөлдөрү издөө салды губернаторунан акимине чейин.
Эгер карапайым жараны болсо айыл өкмөттө барып коймок эмес
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан