Бүгүн, 1-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" эс алуу жайында чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"1-сентябрда саат 07:00дөн баштап ӨКМнын жалпы 199 куткаруучусу өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү.
31-август күнү Ала-Арча эс алуу жайында тоонун боорунда жана чокусунда бадал өсүмдүктөрүнөн жана куураган чөптөн өрт чыгып, саат 20:15те чектөөгө алынган.