Эгемендүүлүк күнүндөгү майрамдан кийин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан 16 тонна таштанды чыкты. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасы SUPER.KG порталына билдирди.
Майрамга карата аталган ишкананын кызматкерлери таң атканга чейин нөөмөткө туруп, иш алып барышкан.
Жалпы тазалоо иштерине 80 кызматкер, 4 кызматтык унаа тартылган. Мындан сырткары, тазалыкты алдын алуу үчүн 50 даана желим контейнер, 6 даана евроконтейнер орнотулган.