Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев Ысык-Көлдө эмне болгонун айтып берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
"Мен жана командамдагылардын бардыгы аман-эсен. Мындай сүзүүдө тажрыйбалуу болгондуктан, бардык керектүү нерселер бар болчу: коштоп жүрүүчү эки кайык, буйлар, жарык берүүчү, тамак-аш жана куткаруучу жилеттер. Биз аба ырайына көңүл бөлбөй калыптырбыз. Ортолоп калганда саат 17:30да шамал болуп, 2-3 метрлик толкундар башталды. Биз бири-бирибизди таппай калдык. Кайык аңтарылып кетиптир. Экинчи кайык жээкти көздөй жарым саат мурун кеткен эле. Ал жээктен эки жолу аңтарылып кетиптир.
Бардыгы жакшы бүткөнүнө Кудайга шүгүр. Жанымдагы баланы 6 сааттан кийин тирүү табышыптыр. Мен жээкке чейин 7 саат сүзүп, куткаруучулар табышты", - деп жазды ал.
31-августта саат 18:50 чамасында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип, дайынсыз болуп жоголгон. Ал 1-сентябрга караган түнү 02:10 чамасында аман-эсен табылган.