2-сентябрда Чүй облусунун аймагында 700дөй милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактайт

Эртең, 2-сентябрь күнү Чүй облусунун аймагында 700дөй милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирет.

"Чүй облусундагы 350 окуу жайында Билим күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Аталган мекемелерде милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн иш алып барат. Мындан тышкары, жолдордо Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иш жүргүзүшөт", - деп билдирди басма сөз кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан