"Кыялын көздөй учту..." "Формула-2" жарышында 22 жаштагы франциялык спортчу каза болду

31-августта Бельгияда "Формула-2" жарышынын кезектеги мелдеши болду. Ал каргашалуу окуя менен коштолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жарышуунун экинчи айлампасында франциялык Антуан Юбер атаандашынын болиди менен сүзүшүп кеткен. Анын болиди тосмого тийип, кайра жолго чыгып калганда, аны дагы бир болид келип сүзгөн. Дарыгерлер Юберди 1 жарым сааттан ашык өмүрүн сактап калуу аракетин көргөнү менен жарышчы каза болгон.

Антуан Юбер GP3 сериясындагы жарыштардын учурдагы чемпиону эле.

"Ал кыялын көздөй учту..." деп автоспорт өкүлдөрү аза күтүп, спортчу менен коштошууда.

Формула-2 жарышында спортчу каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dj.
2019-09-01 18:11:02
Эмне, кыялы аркы дуйного сапар тартуу бекен эле?!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан