Кичиндин жоктугу, Тажикстан жана жаш оюнчулар тууралуу. Александр Крестинин улуттук курама команда жөнүндө суроолорго жооп берди

Бүгүн, 1-сентябрда футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер менен жолугушуп, суроолорго жооп берди. Эске салсак, 5-сентябрда Кыргыз улуттук курама командасы "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугу жана "Азия Кубогу-2023" тандап алуу оюндарынын алкагында алгачкы оюнун өткөрөт. Анда Дүйшөмбү шаарында Тажикстан менен конокто ойнойт.

- Эмне үчүн быйылкы машыгуу кеч башталды?

- ФИФА бекиткен убактылар 2-сентябрда башталат. Эрте машыгууларды өткөрүүгө мүмкүн эмес, анткени чет өлкөдө ойногон футболчуларыбыз келе албай калышат. Биздин өлкөдө ойногон футболчуларбыз курамдын 70 пайызы машыгуу сборунда жүрөт дей бергиле.

- Бардык 23 оюнчу курамга келдиби?

- Бүгүнкү күнү 21 футболчу келди. Экөө эртең келип кошулат.

- Кичиндин жоктугу кандай таасир этет?

- Биз үчүн бардык футболчулар маанилүү. Кичин системди куруучу оюнчу. Кичин эле эмес, Майер дагы жок. Бирок жыйынтыкты курамда бар футболчулар менен көрсөтүшүбүз керек. Майер ушул жылдын октябрь айларында курамда ойноого даяр болот болушу керек.

- Тажикстан менен болгон акыркы эки оюнду жеңип алганбыз...

- Бул качан болду эле? Ал эки жыл мурун. Азыр алардын курамы жаңыланды. Жаңы машыктыруучу келди. Алар эми башкача ойнойт. Бирок бизде дагы өзгөрүүлөр бар. Албетте, даярдандык. Атаандаш тууралуу маалыматтар жетиштүү.

- Дагы ийгиликтерге жетүү үчүн футболчуларга эмнелер жетишпейт?

- Бул суроо комплекстүү. Башында жеке чеберчилик. Андан кийин тактиканы туура аткаруу. Канчалык жогорку деңгээлдеги футболчу болсо ошончолук тактиканы туура аткарат. Эң башкы талап - стабилдүүлүк. Даярдыктарда стабилдүүлүк керек болот. Азыр бизде ушул боюнча суроолор бар, бирок мурункуга салыштырмалуу азыраак.

- Курамга чакырылган жаш оюнчулар тууралуу айта кетсеңиз...

- Быйылкы жылы Гүлжигит Алыкуловду биринчи жолу чакырдык. Азыр ал жаракат алып калган. Айзар Акматов Азия Кубогуна катышкан. Алимардон Шукуров биз менен машыгуу сбордо. Түшүнсөңөр, мен чындыгында паспортту карабайм. Ким даяр болсо ошол талаага чыгат.

Александр Крестинин: "Тандап алуу оюндарында атаандаштардын баарына олуттуу карашыбыз керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
camel
2019-09-01 17:38:25
Кичин эмнеге ойнбойт?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан