Кечээ, 1-сентябрда Орусиянын Екатеринбург шаарында Орто Уралдагы улуттар күнү өттү. Бул тууралуу окурман кабарлап, сүрөттөрү менен бөлүштү.
"Жыл сайын салтка айланып калган бул майрамда Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Кыргызстан-Урал" диаспорасынын өкүлдөрү, Екатеринбург шаарындагы башкы консулдуктун өкүлдөрү катышты. Боз үй тигилип, даамдуу тамактардан дасторкон жайылып, Свердловск облусунун губернатору, шаар бийлигинин өкүлдөрүнө көрсөтүлдү. Салымын кошкон агаларга, эжелерге, өзгөчө боз үйдү тигип, көп жардам көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык айтабыз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.