Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов адал индустрия боюнча иш жакшы жүрбөй жатканын айтты.
Депутат Төрөбай Зулпукаров башка өлкөлөрдө адал индустрия жакшы өнүгүп жатканын билдирди. "Кыргыз мамлекетинен өндүрүлгөн этти сатып алууга даяр болгон мамлекеттер көп. Адал индустриясын өнүктүрүү керек. Башка өлкөлөрдө өнүгүп жатат. Бул багытта инвесторлорду тартса болот. Кызыкдар тарап көп", - дейт Зулпукаров.