Бүгүн, 2-сентябрь күнү 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга маршруттук таксилерде жол акы алынбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Мындай чечим Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилердин айдоочулары менен болгон жыйында айтылган. Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маршруттук таксилердин айдоочуларына 2-сентябрь күнү 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга жол акысын албай жеткирүүнү сунуштаган. Айдоочулар сунушту колдошкон.
Жыйындын жүрүшүндө айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууда бардык эрежелерди сактоого, аларга сылык мамиле кылууну, тазалыкты сактоону, жол кыймылынын эрежелерин бузбоого, жүргүнчүлөрдү ашыкча шыкап салбоого чакырды.
Ошондой эле 2019-2020-окуу жылында өспүрүмдөрдүн катышуусунда болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоого багытталган профилактикалык иштерди, жол кыймылынын катышуучулары менен биргеликте жүргүзүлгөндө жана жол эрежесинин бардык эрежелери сакталганда гана азаярын белгилешти.