"Ак шумкар" Тажикстан менен боло турган оюнга даярданууда (видео, фото)

SUPER.KG порталы 1-сентябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун жана “2023-Азия Кубогуна” тандап алуу оюндарына даярдык көрүү машыгууларына катышты.

Улуттук курама команда "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстан, Мьянма, Монголия, Япония өлкөлөрү менен беттеш өткөрөт. Тандап алуу оюндарынын биринчи беттеши Тажикстан курама командасы менен Дүйшөмбү шаарында жасалма футбол талаасында өтөрү маалым болгондон кийин, Улуттук курама командабыз даярдык көрүүнү Кант шаарындагы жасалма футбол талаасынан башташты.

Биз "Ак шумкардын" алдыдагы беттештерге болгон даярдыктарын жана алардын атаандаштары тууралуу пикирин сурадык.

Улуттук курама команданын коргоочусу Тамирлан Козубаев тандап алуу оюндарында биздин атаандаштардан эң эле күчтүү командалар Япония жана Тажикстан болуп эсептелет дейт.

"Биздин тайпадан эң эле күчтүү албетте, Япония командасы андан кийин Тажикстан болуп жатат. Тажиктер деле биздин кошунабыз андыктан алар менен Борбор Азиянын дербиси болот. Ал эми Монголиянын командасы тууралуу айта турган болсок климатында айырма болушу мүмкүн, анткени мен өзүм Малайзияда ойногондуктан климатына көнүү оор болот, бирок биз оюнга эртерээк барып, ал жактын абасына көнгөнгө убакыт болот деп ойлойм", - дейт ал.

"Ак шумкардын" чабуулчусу Мирлан Мурзаев Тажикстандын командасына эки эсе даярдануу керектигин айтат.

"Бүгүнкү күндөн баштап баарыбыз чогулуп, даярдыктар аябай катуу башталды. Биринчи оюн Тажикстандын командасы менен болот, алар аябай күчтүү атаандаш. Аларга эки эсе катуу даярданышыбыз керек", - деди Мурзаев.

Жарым коргоочу Фархат Мусабеков күйөрмандардын колдоосу аларга аябай маанилүү экендигин айтып, Тажикстан менен болчу оюнга чакырып кетти.

"Күйөрмандардын колдоосу биз үчүн аябай маанилүү, жалпы мекендештерди 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында болуп өтө турган беттешибизге чакырып кетмекчимин",- деди ал.

Александр Крестинин башында турган Кыргыз улуттук курама команданын машыктыруучулук штабы "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун жана “2023-Азия Кубогуна” тандап алуу оюндарында ойной турган 23 футболчунун атын атаган.

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков ("Дордой" клубу)


Коргоочулар: Тамирлан Козубаев ("ПКНС", Малайзия), Мустафа Юсупов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Айзар Акматов ("Дордой" клубу), Андрей Долженко ("Илбирс" клубу)

Жарым коргоочулар: Ахлидин Исраилов (азырынча клубу жок), Бахтияр Дуйшобеков ("Башундхара Кингз", Бангладеш), Эдгар Бернхардт ("Кедах", Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Жыргалбек уулу Кайрат, Бекжан Сагынбаев ("Дордой" клубу), Турсунали Рустамов ("Худжанд" клубу, Тажикстан), Одилжон Абдурахманов ("Алай" клубу), Алимардон Шукуров ("Болуспор", Түркия)

Чабуулчулар: Абай Боколеев ("Илбирс" клубу), Виталий Люкс ( "Ульм 1846", Германия), Эрнист Батырканов ("Дордой" клубу), Мирлан Мурзаев ("Доган Т.Б", Түндүк Кипр).

Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы биринчи беттеш 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарындагы борбордук стадиондо орун алат. Башталышы Бишкек убактысы боюнча 20:00.

"Ак Шумкарлар" Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарына даярданууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2019-09-02 15:38:07
ийгилик Ак-Шумкарлар
+2
Kylychisa
2019-09-02 15:40:48
Ак Шумкарлар бизде умут чон силерден алга алга жана алга
+2
Aimani
2019-09-02 16:17:17
Ийгилик каалайбыз. Беттешке 3 күн калганда даярдык көрүү кеч эмеспи?
+1
interpol
2019-09-02 19:05:18
Алга Ак Шумкарлар Аллах колдоп жеңишти камсыздап келгиле.
Билгендер айтып койгула ктр түз эфир алып береби жокбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан