"Кумтөр" "Сары-Чат—Ээр-Таш" коругуна жакын 16 миң гектар аймакта чалгындоо иштерин жүргүзөт

Канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясы Кыргыз өкмөтү менен болгон жаңы келишимдин негизинде 16 миң гектар аймакта чалгындоо иштерин жүргүзөт. Аталган аймак "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна жакын жерде жайгашкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков айтты.

"2009-жылдагы келишим боюнча "Кумтөргө" 26 миң гектар жер кошумча бөлүнүп берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт ал жерди 10 миңге азайткан. Жаңы түзүлгөн келишим боюнча ошол 2009-жылкы келишимдин негизинде "Кумтөргө" 16 миң гектар берилди. Ошол кошумча берилген 26 миң гектар жер менен Кыргыз өлкөсүнүн "Центеррадагы" акциясынын үлүшү 15 пайыздан 33 пайызга көтөрүлгөн. Чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлөт",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Bektur2011
2019-09-02 16:16:45
Сапар Исаков депутаттарга айтпай келишим түзгөн болчу жашыруун. Ошол келишимде кол коюлуп кетсе керек. Азыркы өкмөт мындайга жол бербейт деп ишенем.
+3
ALATOOLUK.JIGIT
2019-09-02 20:24:28
Bektur2011,бу окмотун деле периште эмес. Уранды которуп чыкпадыбы
-3
Bektur2011
2019-09-03 09:23:45
ALATOOLUK.JIGIT,Атамбаев уруксат берген уранды ушул окмот токтотту го байке
+2
dysha
2019-09-03 00:39:15
Bektur2011,жалган маалымат болуп калды, Алимбеков андай эмес деп чыкты
0
altyn-kumush
2019-09-02 16:20:18
Кумтөрдүн айланасында дагы алтын болсо эле эмне экологияга зыяны тийип калмак беле?

+2
Ernestinio
2019-09-02 16:28:28
Тушунуксу го бул жагы, ошондо баары биригип 26 мин гектарбы же 32 мин гектарбы? 26 минден 10 минге азайткан болсо 16+ азыр дагы 16 берилсе 32 мин гектарбы?
0
Kyrgyz_bloger
2019-09-02 18:37:18
Пайдасы жок эле жерлерибизди антарып жатышат,же карыздан кутулбасак же завод фабрика салбасак,Кыргызстандан умут узуп кеткендердин саны жылда осо берсе,бул жакта бийликтин адамдары колдоп комментарий жаза берсе.
-1
Belekus
2019-09-03 00:37:14
Kyrgyz_bloger,силердин чонтогунорго туз тушпосо эле пайда жок болуп калабы?
+1
elchi84
2019-09-02 20:29:37
Ушул Кумтөргө түшүнбөйм озу биздин мамлекеттен казып жатса жер биздики болсо анан ал эмнеге 15 пайызга тушуп кетет жок дегенде 51 пайыз болуш керек ?
0
Belekus
2019-09-03 00:36:37
Кыргызалтын бул маалыматты четке какты, расмий түрдө
0
dysha
2019-09-03 00:38:40
экология деп кыйкырасынар, көлдүн тегерегине туалет куруп койгон бийлик болдубу? ошондой кичинекей нерседен баштоо зарыл
0
Jaznura
2019-09-03 08:57:45
Кумтор Кыргызстанга келген кут эле, тойбогон жегичтер жут кылды
+2
Ernestinio
2019-09-03 09:10:51
Jaznura, ошол кутту эмнеге берди эле сактап койгула деппи же иштетип керегинерге жараткыла деппи. Жон гана сактап калгандын эмне кереги бар, пайдалуу жагын ойлош керек а. Канча жумуштар бутуп атат анын жардамы мн...
0
Erik2018
2019-09-03 09:51:59
Бул жереде Сапардын темный тузгон келишими ачыкка чыгып кеткени билинип турат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан