Ысык-Көл облусундагы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилгени белгилүү болду. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты. Бирок "Кыргыз алтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлө турганын айтты.
Бул маселенин биринчи жолу көтөрүлүп жатпаганы да коомчулуктун эсинде. 2012-жылы өкмөт башчы болуп турган Өмүрбек Бабанов "Кумтөргө" 16 миң гектар жерди бөлүп берүү тууралуу 2009-жылы кол коюлган токтомду жокко чыгарган. Учурда бул маалыматтын тегерегинде социалдык тармакта учурдагы өкмөттү сындаган кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат.
SUPER.KG порталы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилгени айтылды. Коруктун аймагын кен казууга берүү туурабы?" деген собол салды.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков билдиргендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтү 16 миң гектар аянт боюнча сүйлөшүүнү бир нече ирет кийинкиге жылдырып келди. "Уран боюнча жаз мезгилиндеги чуудан кийин 31-майда карабай, 31-июлга жылдырышкан. Эл жайдын аптабында эс алып жатканда, сүйлөшүүлөр коомго ачык болбой, мына эми чети чыгып жатат. Дүйнөлүк практикада 1 тонна калдык үчүн 60 доллар төлөнөт экен. Бизде 1 жарым миллиард тоннадай калдык үйүлүп калды. Бийлигибиз калдыктар үчүн эле 90 миллиард доллар талап кылуунун ордуна, маселени тереңдетип, экологияны бузууга жол берип жатат. Кумтөрдөгү кен-байлыктар түгөнөт, калдыктар калат. Ал эми кооз жаратылышты сактап калсак, бизге туризм жактан киреше алып келип турат. Бул деген түгөнбөгөн ресурс болмок. Аңырайган тоолордо экологиялык катастрофа менен калабыз, кооз жаратылыштан дагы ажырайбыз, кен-байлыктар деле элге толук кандуу адилеттүү түрдө жетпей жатат. Ач кулактан тынч кулак, өзүбүздүн адистер жетилгенче чукул түрдө кен-байлыктарды казууга мораторий жарыялоо зарыл. Улуттук кызыкчылыкты тепселөө менен кабыл алынган келишимдерди жокко чыгарып, ага жол бергендерди кылмыш жоопкерчилигине чечкиндүү түрдө тартуу зарыл. Кийинкилерге сабак болсун", - дейт Исаков.