Муниципалдык мүлк башкармалыгынын 1 жарым ай иштеген кызматкери мэрияга тиешелүү 8 батирди сатып, из жашырып кеткен

Бишкек шаардык мэриясына тиешелүү сегиз батирди мэрияга караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери сатып, из жашырып кеткен. Бул маалыматты Бишкек мэриясы тастыктады.

Маалыматта мэрияга караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев документтерди жасалма түрдө жасатып, Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып жибергени айтылат. Кызматкер аталган башкармалыкта болгону 1 жарым ай гана иштегени айтылууда.

Ал батирлерди саткандан кийин белгисиз жактарга из жашырып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда Эрик Ашыралиев изделүүдө.

Аталган сегиз батир Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге таандык болгон.

Бирок кийин ал соттолуп, аталган үйлөр мыйзамсыз экени аныкталгандан кийин мүлктөр Бишкек мэриясына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан