Бүгүн, 3-сентябрда өкмөт "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругу тууралуу айтылып жаткан кептер боюнча билдирүү таратты. Анда корукка кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалымат туура эместиги жазылат.
"Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык кен ишканасына жер аянтынын кайтарылып берилгени тууралуу маалымат да чындыкка дал келбейт. Коруктун аймагында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт дагы. Сөз болуп жаткан 16 миң гектар жер "Сары-Чат - Ээр-Таш" коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес.
Буга байланыштуу баарыңыздарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырабыз. Ошону менен бирге Кыргыз өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын белгилеп кетким келет.
Белгилүү болгондой, 26 миң гектар жер аянты Кумтөр Голд Компаниге 1997-жылы берилген. Өкмөт Кумтөр боюнча буга чейин кол коюлган макулдашуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Баса белгилей кетүүчү нерсе, күчүнө кирген Стратегиялык макулдашууда жер маселеси тууралуу каралган эмес жана сөз да болгон жок. Анда финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы суммасы 87 миллион доллардан дагы 150 миллион долларга чейин көбөйтүлгөн. Демек, учурдагы өкмөт Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын жакшыртууга жетишүүдө", - деп жазылат өкмөттүн маалыматында.