Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берди.
"Ырайымсыздыгы менен таң калтырган 2019-жылдын 28-августунда болуп өткөн эки жаш жигитти ур-токмокко алуу окуясы тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок", - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин тапшырды.