Азия чемпиондугун багындырган волейболчу Темир Муса уулу: "Волейболдо бойдун узун-кыскасы эмес, шамдагайлык керек. Атаандаштардын көпчүлүгү 190 сантиметрден жогору эле"

Волейбол боюнча аймактык Азия чемпиондугунда Кыргыз волейболчулары чемпион болушкан. Кыргыз командасынын мүчөсү Темир Муса уулунун туулуп өскөн кичи мекени Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында салтанаттуу түрдө тосуп алышкан. SUPER.KG порталы спортчу менен волейболго болгон сүйүүсү, кыйынчылык менен келген жеңиш жана келечек максаттары тууралуу сүйлөштү.

- Темир, жеңишиңер менен дагы бир ирет куттуктайм! Алгач, өзүң жана үй-бүлөң тууралуу билип алалы.

- Аты-жөнүм Темир Муса уулу Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды деген айылда төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 эркекпиз, мен улуусумун. Ата-энем учурда Нарында жашашат. Атам айыл чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенсе, апам медицина кызматкери болуп иштейт. Чоң ата, чоң энелерим учурда пенсияда.

- Азиянын аймактык чемпиондугунда жеңишке жетишип, бир эмес төрт мамлекетти (Непал, Мальдив,Түркмөнстан, Өзбекстанды) уттуңар. Жеңиш жөн келбесе керек?

- Ооба, биз үчүн Азиялык оюндарды утуш чынында кыйын болду. Албетте, командабыз негизи жакшы даярданган болчу. Ал жерден команданын ынтымагы менен финалдык беттешти жеңдик.

- Спорттун бул түрүнө кантип келип калдың эле?

- Айылда 8-9-класстарда окуп жүргөндө теңтуш балдар менен чогуу көп волейбол ойночубуз. Андан кийин эле ал кызыгуум чоң каалоого айланып кетти. Борбор калаабызга келип, лицейде окуп жүргөндө дагы ойногонду таштаган жокмун. Кийин Нарын облусунун “Теңир-Тоо” деген командасында ойноп калдым. Анын үстүнө үй-бүлөм дагы мага каршы болбой, колдоп турду. Ошондуктан бул оюнга өтө берилип кеттим.

- Волейболдо кандай кыйынчылыктар болот?

- Бул спорттун түрүндө ар кандай ойнойсуң. Бирде жакшы ойноп маанайың көтөрүлсө, кээде маанай түшүп жакшы ойнобой калган учурлар болот. Волейболдо өзүңдү карап сактанбасаң, жаракат алып калышың мүмкүн. Бирок ар кандай кырдаалдардын алдын алып, жакшы ойногонго аракет кылабыз. Волейбол менен машыгып келе жатканыма 8-9 жыл болуп калды. Машыгуу учурунда бир аз кыйынчылыктар болгон, бирок мен бул спорттун түрүн сүйгөн үчүн кыйынчылыктар билинбейт.

- Волейболго келем деген өзүңдөн кийинки муундарга кандай кеп-кеңештерди айтып, жардам бере аласың?

- Учурда волейболчулар клубунун убактылуу машыктыруучусумун. Эгер келип катышам деген жаш күйөрмандар болсо келсин, залыбыздын эшиги жаштар үчүн ачык. Биздин спорт аянтчабыз Сокулукта жайгашкан. Жаш балдар спорт менен жүрсө болбоду дегенде ден соолуктары чың болот. Алар бизге келгенде дагы өз тарбиябызды беребиз. Бул жакта балдарга туура машыкканды, кандай жүргөндү, эрежелерин үйрөтөбүз.

- Башка мамлекетке барып ойноп келдиңер, ал жактан эмнени байкадың? Башка өлкөнүн командалары силерден эмнеси менен айырмаланат экен?

- Албетте, алар менен оюн талаасынан сырткары сый мамиледебиз. Бирок алардын командасындагы балдардын көпчүлүгүнүн бою 190 сантиметрден жогору болот экен.

- Негизи спорттун бул түрү кандай стандарттарды талап кылат? Сөзсүз бойдун узун болушу шартпы?

- Чынында көпчүлүгү бою узун болушу керек деп ойлошот. Бирок волейбол балдардын боюнун узун-кыскасына деле карабайт. Ал жакта шамдагай жана топту илип кетүүгө жөндөмдүү болушуң керек. Бирок көбүнчө командаларда бою бийик балдар ойнойт.

- Келечектеги пландарың?

- Балдарды спортко, футболго, волейболго тарбиялап өстүрүү планымда бар. Кудай буйруса Кыргыз өлкөсүн спорт тармагынан өнүктүрүүгө бир аз болсо дагы салым кошом деп ниеттенип жүрөм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
oscar
2019-09-04 00:56:36
Ийгиликтер коштосун
+1
Rubin
2019-09-04 08:06:30
Уулуну эмес, кыргыз тилинде уулун болот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан