Бүгүн, 4-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын даттануусу боюнча эки соттук отурум болот. Жактоочу Замир Жоошов соттук отурумдар кайсы жерде өтөрү белгисиз экенин айтып буларга токтолду.
"Биринчи отурум 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракети боюнча өтөт. Бул иш Бишкек шаардык сотунда саат 11:00гө белгиленген. Азырынча кайсы жерде болору белгисиз болуп жатат. Анткени соттук отурумга Атамбаевдин келиши шарт. Мындан улам аны алып чыкпоо үчүн УКМКдан эле өткөрүп коюшу мүмкүн.