Бүгүн, 4-сентябрда интернетке УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын видеосу тарады. Ал видеодон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр Атамбаевди, депутат Ирина Карамушкинаны жана башка тарапташтары көрүнөт.
Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терезесин карашып, Атамбаевди көрүп жатышканын айтышат. Видеодо Атамбаев да аларга жооп иретинде кол булгаганына кубанып жатышканы тартылган. "Баары жакшы болот, биз чыдайбыз", - деди кол булгалап жатып Кундуз Жолдубаева.