Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы Тажикстан менен болгон беттеште ойнобойт. Кичин социалдык баракчасы аркылуу кыргыз футболчуларына жана күйөрмандарга кайрылуу жасады.
"Күйөрмандар, жигиттер (футболчуларга кайрылып), биз командабызга жаңы чакырыкты көптөн күткөнбүз. Тилекке каршы, Тажикстан менен болгон оюнга катыша албайм. Анын жүйөлүү себептери бар. Мени туура түшүнөсүздөр деп ишенем. Жигиттер, жеңишке чейин ойногула! Силерге ишенем жана кийинки оюндарга сөзсүз түрдө катышам! Оюм менен сиздер менен болом. Алга, Кыргызстан", - деп жазды.
Тажикстан-Кыргыз беттеши 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтөт.