Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйында эртеңки Тажикстан менен боло турган беттеш тууралуу ойлору менен бөлүштү.
- Тажик тарап жакшы тосуп алды, аларга ыраазчылык билдирем. Тажикстан менен болгон оюнга даярдык план боюнча жүрдү. Команданын маанайы мыкты, оюнга даярдык олуттуу. Беттеш Бишкекте же Дүйшөмбүдө болобу, Тажикстан менен ар дайым кызыктуу оюн көргөзөбүз. Андыктан, эртеңки оюн дагы кызыктуу жана чыңалуу менен өтөт деп ойлойм.
- Бул оюн тайпадагы эң негизги учур деп ойлойсузбу?
- Мен Тажикстан менен болгон беттеш эң негизги оюн деп эсептебейм. Бул беттеш бир жагынан чечүүчү, экинчи жагынан алып караганда тайпадагы ар бир беттеш алтынга тете. Эң негизги учур акыркы тайпалык оюндар калганда болот. Ал эми бул башталыш. Башталышта толкундоо гана болот.
- Тажикстан жөнүндө эмне айта аласыз?
- Биз акыркы оюндарын көрдүк. Күчтүү, алсыз тараптарын карадык. Машыктыруучу алмашкан, курамда бир катар өзгөрүүлөр болгон. Биз эртеңки оюнда бардык варианттарга даяр болуудабыз. Тажик тарап деле бизди ар тарабыбыздан изилдеп жатат.
- Командаңыз 1-сентябрда гана чогулду. Даярдыкка убакыт жетиштүү болдубу?
- Биздин курамда бир катар оюнчулар чет өлкөлүк клубдарда ойношот, андыктан алардын келиши ушул датага туура келип калды. Биз бул нерсеге даяр болчубуз.