Окуу китептерине жарыяланган тендер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мыйзамсыз өткөрүлгөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Полиграфбумресурсы" басмаканасынын директору Көчкөн Төрөкулов айтып берди.
2019-жылдын 3-августтунда Билим берүү министрлиги 1-2-класстын математика окуу китептерине тендер жарыялаган. Тендердин бюджети 90 миллион 969 миң 960 сомду түзгөн.
Көчкөн Төрөкулов китепти Билим берүү министрлиги мурунтан эле даярдап жатканынан кабардар болгонун айтат.
“Китепти “Аркус” басма үйү менен Билим берүү жана илим министрлиги жең-ичинен алдын ала даярдап жатканын билчүбүз. Буга далил Гүлмира Кудайбердиева өзү Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайда М.И.Морону окутуу боюнча мугалимдерди топтоп, семинар өткөргөн. Мындан улам бизге баары белгилүү болчу. 2018-жылдын декабрь айында министрлик буйрук токуп, китеп чыгаруу боюнча комиссия түзгөн. Ал комиссиянын курамында “Аркус” басма үйүнүн, “Кут-Аалам” басма үйүнүн директорлору болгон. Алар жобонун негизинде даяр китепти сатып алабыз дешкен. Биз ага каршы болгонбуз. Себеби даяр китепти эч ким көрбөгөндөн кийин анда ката кетип калышы мүмкүн. Бул маселе боюнча биз Башкы прокуратурага, УКМКга, Каржы министрлиги алдындагы сатып алуулар департаментине дагы кат менен кайрылганбыз. Алар бизге маалымат туура эмес экенин, ал министрлик тарабынан бекитилбегенин айтышкан. Андан кийин биз ошол боюнча олтуруп калдык. 5-августта Моронун китеби үчүн сатып алууга тендер жарыяланды. Гүлмира Кудайбердиева 14-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо” маалымат программасынан Орусиянын Билим берүү министрлиги менен келишим түзгөнүн, Моронун китебин 4 тилге которуп иштеп чыккандарын айтып, интервью берген. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат. Китепти күн мурунтан даярдап алып, тендерди жөн эле жарыялашкан”, - дейт ал.
Анын айтымында, китепке байланыштуу тендер биринчи басма үйлөрүнө, андан кийин басмаканаларга өткөрүлүшү керек эле.
“Булар алдын ала сүйлөшүп, китепти даярдап алып тендер жарыялашкан. Бул мыйзам бузуу дегендик. Себеби тендердин ачылышы 27-августта белгилениши керек эле. Ага карабай 2 жума мурун Гүлмира Каримовна тендерде жеңип алгандарды айтып койду. Эгер алдын ала даярдалган болсо анда тендер өткөрүүнүн кандай кажети бар эле? Бул жерде мыйзам бузулуп, эгемендүүлүгүбүзгө шек келип, авторлордун дагы укугу тепселенди”, - деди Көчкөн Төрөкулов.
Ал эми тендердик топко кирген Анара Дауталиева жогорудагы пикирге кошулбай турганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.
"Мугалимдер көп кайрылуу жасаган. Алар китептер биздин окуучулардын деңгээлине туура келбей, татаал тил менен жазылып калган деген жүйөлөрдү айтышкан. Мындан улам Моронун китептери мектептерде окутулсун деген шарт болгон. Министрлик конкурс жарыялаганда 5 жылдык тажрыйба болсун деген талап койгон. Басмаканалар ой жүгүртүп иштешпейт. Аларда корректор, редактор дегендер жок, техникалык гана кызматты аткарат”, - дейт Дауталиева.
Ал эми "Абыкеев ЧП" жеке басмаканасынын кызматкери Мира Мураталиева министрлик жана анын командасы бир эле тараптын камчысын чаап келгенин айтат.
“Башка өлкөнүн камчысын чаппай, жергиликтүү басмакана, басма үйлөрү жана авторлорго артыкчылык беришибиз керек. Өзүбүздү колдобосок башка мамлекеттердин капчыгы үчүн иштеп калабыз. Жакшы эрежелерди иштеп, шарттар түзүлсө бардык тармактардын адистери жакшы иштейт. Бизди сапатсыз кагаздарды басат дешет. Эгер кагаз сапатсыз болсо, ал станоктон өтпөйт. Анын сапатсыз, сапаттуу экенин техника эле аныктап коёт. Кыргыз өлкөсүндө китептер боюнча көзөмөл жок”, - дейт Мураталиева.