30-августта Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын ачылыш аземи өтүп, салтанаттуу аземге өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан.
Сейил бак ачылганына көп өтпөй, ал жерде сүрөткө түшкөндөрдүн саны арбыган. Көп узабай социалдык тармактарга көпчүлүккө күтүүсүз болгон видео жарыяланып, талкууга түшкөнү белгилүү. Анда 2 кыз бири-бирин сүрөп "жашыл жаныбардын" үстүнө чыгып алып сүрөткө түшкөнү тартылган. Ага катар эле интернетке мындай жорук менен сүрөткө түшкөндөрдүн көп экенин көрсөткөн сүрөттөр тарады.
SUPER.KG порталы “Ынтымак” эс алуу багына барып, ачылганына бир апта да өтө электеги абалы менен таанышты. Аз күн аралыгында ал жактагы жаныбардын формасында жасалган топиарлар жакшы эмес абалга келген. Мындан тышкары, жаңы көчөттөрдү сындырып, эс алуучу жайды таштандыга толтуруп кеткен көрүнүштөр болгон. Мындан улам эми сейилдөө үчүн келгендерге топиарлар жайгашкан жерге кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рыспек Сарпашев төмөнкүлөргө токтолду.
“Балдар үчүн ачылган топиарларды ачык койгонбуз. Алардын үстүнө чыгып, сүрөткө түшүп, кээ бир тургундар тартипсиздик кылды, аны баары билет. Биз дагы шаардыктардын аталган топиарларга мындай мамиле кыла турганын билген эмеспиз. Учурда ал жак жабык, чынжыр менен тосулган жана “кирүүгө болбойт” деген эскертүү жазуулары илинди. Бул жакка биротоло эле элди киргизбей коёлу деп ойлоп жатабыз. Мындай топиарлар сейрек эле жерлерде бар. Алар атайын балдардын көңүлүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулоо үчүн коюлган”, - деди Сарпашев.
Учурда милиция кызматкерлери сейил бакты көзөмөлгө алууда.
“Эгер болбой эле тургундар тосмодон ашып кирип, дагы сындырса анда ал адамга чаралар көрүлөт” дейт вице-мэр.