"Жөө күлүк" тасмасы Түштүк Кореяда өтө турган эл аралык фестивалга чакыруу алды

Мирлан Абдыкалыков режиссёрлук кылган "Жөө күлүк" тасмасы 24-Пусан эл аралык фестивалдын "New Currents" сынак программасына кабыл алынды. Фестиваль 3-21 октябрь аралыгында Түштүк Кореяда өтөт. Фестивалда жалпысынан 85 мамлекеттен 303 тасма көрсөтүлөт. Алардын арасынан 150 эл аралык жана дүйнөлүк тасмалардын бет ачары болот.

"Тасманы 2018-жылы тартып баштаганбыз. Тартуу иштери аяктап, жакында эле бүтүргөнбүз. Тасманын бет ачарын жасоодон мурда эл аралык фестивалдарга катышууга арыздарды жиберип койгонбуз. Буйрук болуп, Пусан эл аралык кинофестивалынын сынагына катышууга чакыруу алдык", - дейт режиссёр.

"Жөө күлүк" тасмасы суроо-жооп иретинде 3 бөлүккө бөлүнүп көрсөтүлөт. Анда режиссёр Мирлан Абдыкалыков өзү дагы катышат. Кыргыз режиссёрунун тасмасы достук, сүйүү, берилгендик тууралуу коомдук драма. Тасманын башкы каарманы 12 жашта. Тасмада ал үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн күрөшкөнү тууралуу баяндалат.

"Жөө күлүк" тасмасынын бет ачары 17-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде болот.

Пусан кинофестивалы 1996-жылы негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli.91
2019-09-05 10:51:36
Алга 1 орвнду алып келгиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан