Кыргыз улуттук курама команданын футболчусу Эдгар Бернхардт Тажикстан менен боло турган оюн алдында даярдыктар тууралуу ой бөлүштү.
"Тажикстан кантип ойной турганын көрүп изилдедик. Алар менен кантип ойной турганыбызды билебиз. Бул тандап алуу оюндарында бардык оюн биз үчүн маанилүү болот. Эч кандай кысымды сезген жокпуз", - деди Бернхардт.
Бүгүн, 5-сентябрда 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюнунда Тажикстан менен Кыргыз өлкөсү ойнойт.