Кыргыз улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичиндин үйлөнүү тою бүгүн, 5-сентябрда өтүүдө. Ал бүгүнкү Тажикстан менен боло турган оюнга чакырылган эмес.
"Динамо Минск" клубунун оюнчусу үйлөнүү тою болуп жаткан сүрөтүн Инстаграм баракчасына жарыялаган.
Футбол федерациясы Кичин үй-бүлөлүк себептерден улам курамга чакырылбагандыгын айткан. Буга чейин Кичин футболчуларга жана күйөрмандарына кайрылып, калган оюндарга сөзсүз катышарын айткан.
.