Бишкектеги баш аламандыкта банктын айнегин талкалаган. Шектүү катары 17 жаштагы кыз кармалды

9-августка караган түнү борбордогу баш аламандык учурунда коомдук тартипти бузуп, "Оптима Банктын" филиалынын эшигинин айнегин сындырган кыз кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, шектүү изделип жаткан.

Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган А.А. аттуу кыз кармалган. Учурда сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
XATSAN125
2019-09-05 18:02:02
Сөйрүк экен да
0
Nevestkaa
2019-09-05 18:18:38
Күзгүбүз алтын жалатылган эле деп төлөтүп алгыла эми ((((
+2
Nevestkaa
2019-09-05 18:19:13
Эшигин дегеним
0
interpol
2019-09-05 18:28:16
"Неге сындырдың десе неге сындырмак элем жиним келди сындырдым" дедиң эле го эми кылган ишиңе жиниң келтабы?
Атың чыкпаса банктын айнегин талкала болду го
+4
aza84
2019-09-05 18:45:44
Жаш кыз экен
-2
Dembele84
2019-09-05 19:20:52
Жининди Эми корсот,отделениянын айнегин талкала
+1
JaneEr
2019-09-05 21:03:10
Кооп калыптырда эрге тийгиси келип
+3
Skarlett-Skarlett
2019-09-05 21:22:10
Бул кызда мээ жок,тарбиясыз.
+3
Samatalibei
2019-09-06 10:00:24
Тункусун кочодо коп журсон деле ошол куну уйдон чыкпай жатсан болмок! Тушунуктуу жарандар ошол жерде мулкун сактап уйуно ташып коргоп коркуп журушсо бул кыз жинденип айнек сындырып журот!
Эми эмне кылып журду экен?
0
Absamat-90
2019-09-06 16:37:18
Ата-энеси толойт эми балээге калып кок мээ. Кочодо балээ барбы.
0
Erik2018
2019-09-06 16:41:20
Кыргыздын кыздары эмне болуп жатасынар бирин банктын айнегин сындырып бирин кочугуно лом тыгып
0
umar.kgz
2019-09-06 16:49:41
Камалсын!!!!
0
Isikkolumkeremet
2019-09-06 17:34:46
Бир чайнасан май чайна дегендей банктын терезин чагып миллионер болоюн дегенго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан