Бишкек шаарындагы Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктын имаратынын айнегин талкалады делген кыз изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 9-августка караган түнү болгон. Жашы болжол менен 20-25 чамасындагы кыз борбордогу баш аламандык учурда коомдук тартипти бузуп, "Оптима Банктын" филиалынын эшигинин айнегин сындырган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталган.
Учурда Биринчи Май РИИБи бою 160-170 сантиметр салмагы болжол менен 60-65 килограмм, көзү күрөң, чачы кара кызды издөөдө. ШИИББ кыз тууралуу маалымат билгендерди төмөндөгү байланыш телефонуна чалып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 56-32-48, 0 507 21-03-94.