Көчөдө көйнөгүн чечип отуруп алган. Ошто психикалык ооруканага келген кыз көчөгө качып чыгып, анын үстүнөн арыз түштү

Ош шаарында жолдо өтүп бара жаткан аял кишини белгисиз эки аял башка чаап качып кетишкен. Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан бул маалыматтарды билдиришет.

Окуя бүгүн, 5-сентябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата районунун аймагында түштө болгон. Анда Ош шаарында жайгашкан психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургунун апасы дарыгерлерге көрсөтүү үчүн алып келген. Анткени 27 жаштагы кызда психикалык оорунун белгилери болгон. Бирок кыз ооруканадан качып чыгып, жолдо өтүп бараткан адамдарга тийишкен. Ошондой эле ал көчөдө көйнөгүн чечип, отуруп алган. Анын кыймыл аракети адамдарга, жол коопсуздугуна кооптуу болгондугуна байланыштуу милиция бөлүмүнө алынып келинген. Ал жакын туугандарына тапшырылып берилди.

Учурда ал кыздын үстүнөн 34 жаштагы келин "себепсиз урду" деген мазмундагы арыз жазды деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
oSporte
2019-09-05 19:39:18
Сүрөтү жокпу?
-4
Skarlett-Skarlett
2019-09-05 21:20:58
Эмнеге арыз жазасын?Документи болсо кармабайт милиция.
+2
Samina007
2019-09-06 01:58:37
Видеосун клрдүм. Чегип алгандайго деп ойлодум эле. Байкуш кыз ооруйт экенда шыпаасын берсин.
+2
datkayimjan
2019-09-06 16:24:14
Кочодо жон эле кетип баратсан бироо келип сабаса жаман эле болсон керек а
0
senchi
2019-09-06 17:28:30
Чечинип журсо урса керекта уяты жок деп.
Элдер ооруганын билбей урушкандыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан