2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу алкагындагы оюн: Кыргыз өлкөсү Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилди (хронология)

2019-09-05 22:00:00

Кыргыз футболчулары "Катар-2022" мундиалына тандап алуу оюндарын жеңилүү ызасы менен баштады. F тайпасында бүгүн Монголия өз үйүндө Мьянманы 1:0 эсебинде жеңип алган. Тажикстан менен Монголия 3 упайдан алышып, тайпада алдыңкы орунга чыгышты. Япония бүгүнкү күнү ойногон эмес. 

2019-09-05 21:53:00

Акыркы мүнөттөгү чабуул ийгиликтүү болбой калды. Тилекке каршы...финалдык ышкырык. Тажикстан - Кыргыз өлкөсү 1:0

2019-09-05 21:51:00

Тажиктер ачык эле убакытты созуп башташты. Калыс мындай учурларды көзөмөлдөбөсө болбойт. 

2019-09-05 21:47:00

89-мүнөт. 2 жолу катары менен бурчтан чыгарып берүү орун алды. Шукуров кооптуу айып соккуну иштеп тапты. 

2019-09-05 21:42:00

Тажик футболчулары коргонууну эле ойлоп калышты. Топ келсе эле алдыга узатып коюп жатышат. Кези келгенде убакытты чоюуну да унутушкан жок. 

2019-09-05 21:39:00

Стандарттык абал. Кыргыз футболчулары үчүн мүмкүнчүлүк. Бирок Байматов топко жетпей калды. 

2019-09-05 21:36:00

Матяяяш! Дагы бир голдон куткарып калды. Чабуулчунун соккусун тосконго үлгүрдү.  

2019-09-05 21:34:00

76-мүнөт. Курамыбызда акыркы алмаштыруу орун алды. Фархат Мусабековду Алимардон Шукуров алмаштырды.

2019-09-05 21:30:00

Оюндун 71-мүнөтү. Козубаев өзүн башкара албай, ышкырыктан кийин топту тээп салды. Сары айып кагазы ага ыйгарылды. Муну менен биздин курамдагы үчүнчү футболчу жазаланды. 

2019-09-05 21:28:00

Биздин курамда алмаштыруу. Дүйшөбековдун ордуна Боколеев кирди. Коргоочуну чабуулчу алмаштырды. 

2019-09-05 21:24:00

Талаа ээлери чабуулга көп чыкпай калды. Контр чабуулга өтүү менен алек болууда. Топ көбүнесе кыргыз футболчуларында болгону менен чабуулдар уюшулбай жатат. 

2019-09-05 21:20:00

Эсепти теңеш үчүн соккуларды узатуу керек. Биздин футболчулар 2-таймда бир дагы сокку узата элек. 

2019-09-05 21:18:00

Кайрадан кооптуу чабуул. Жалиловдун соккусун Матяш тосуп кетти. Муну менен Матяштын 4-сактап калуусу катталды. 

2019-09-05 21:14:00

Оюн көбүнесе ортоңку бөлүктө өтүүдө. Люкс топтун артынан талаанын ортоңку бөлүгүнө чейин келүүдө. "Ак шумкар" чабуул уюштура албай жатат. 

2019-09-05 21:11:00

Эмнегедир тажик футболчулары оңой эле чабуулга өтүп кетип жатышат. Кыргыз футболчуларына чабуул уюштуруу кыйын болууда. 

2019-09-05 21:06:00

Мурзаевдин соккусу таамай болбой калды. 2-таймды кыргыз футболчулары активдүү баштады. 

2019-09-05 21:04:00

2-тайм башталды. Курамда өзгөрүүлөр бар. Ахлидин Исраиловдун ордуна Турсунали Рустамов кошулду. 

2019-09-05 20:45:00

1-тайм соңуна чыкты. Эсеп 1:0 Тажикстандын пайдасында. 

2019-09-05 20:41:00

Гол. Тажиктердин 10-катардагы оюнчусу Алишер Жалилов жакынкы бурчка узаткан соккусу таамай болду. Эсеп саны ачылды. 1:0

2019-09-05 20:40:00

Кайрадан Матяяяяш! Айып белгиден узатылган соккуну тосуп кетти. 

2019-09-05 20:39:00

Тажиктердин дагы бир кооптуу чабуулу. Азыр 20 метр аралыктан айып соккусу орун алат. 

2019-09-05 20:37:00

Азамат Байматов жаракат алуу менен атаандашты токтотту. Өзү сары айып кагазын алды. Дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

2019-09-05 20:35:00

Мурзаееев! Анын узаткан соккусу дарбаза мамысына тийип калды.

2019-09-05 20:34:00

Талаа ээлеринин күчтүү прессинги жемишин берүүдө. Уламдан улам кооптуу чабуулдар уюштурулуп жатат. 

2019-09-05 20:32:00

Матяяш! Эки жолу Матяяяш! Тажик футболчуларынын алыстан узаткан соккусун жана ага кошумча узатылган соккуну тосуп кетти.

2019-09-05 20:25:00

Алгачкы сары айып кагазын Кайрат Жыргалбек уулу алды. Ал каршылашына жете албай эреже бузууга аргасыз болду. Сол капталдан айып сокку орун алат. 

2019-09-05 20:22:00

Стадиондогу күйөрмандар бир мүнөт да тынчыган жок. Барабаны, кыйкырык-сүрөөнү токтобой үй ээлерин алга сүрөөдө. 

 

2019-09-05 20:18:00

Үй ээлери маал-маалы менен кооптуу чабуулдарды уюштурууда. Биздин футболчуларыбызда борбордук бөлүктөн көп топ жоготуу болуп жатат. 

2019-09-05 20:15:00

Дүйшөбеков талаанын ортоңку бөлүгүнөн эреже бузду. Калыс сөз менен эскертүү берди. Азырынча. 

2019-09-05 20:12:00

Сокку! 11-катардагы тажик футболчусунун соккусу дарбазанын сол бурчуна таамай болуп кала жаздады. Кооптуу учур. 

2019-09-05 20:10:00

Оюндун 10-мүнөтү артта калды. Эки команда бири-бирине тең тайлашып оюн көрсөтүүдө. Тажик футболчулары эрежени байма-бай бузууда. Бул да атайын тактика.   

2019-09-05 20:08:00

Баймааатов! Айып соккудан көтөрүлгөн топту башы менен сокку узатты эле дарбазадан өйдө кетти. Биринчи кооптуу абал. 

2019-09-05 20:07:00

Тажик оюнчулары маал-маалы менен оюн эрежесин бузушууда. Сол капталдан Сагынбаевди чалып жыгышты. 

2019-09-05 20:05:00

Тажиктердин биринчи соккусу орун алды. Кыйла эле таамай эмес. 

2019-09-05 20:03:00

19-катардагы Люкс активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Талаа ээлери эми гана топко ээ болушту. Алар өз чабуулдарын баштоодо. 

2019-09-05 20:01:00

Топко ээлик "Ак шумкарда". Люксту чалып жыгышты. Айып белгиден бурчтан чыгарып берүү орун алат. 

2019-09-05 20:00:00

Бул оюнда капитандыкты Эдгар Бернхардт аркалайт. Башкы калыс Иорданиядан. Оюнга ышкырык берилди. Топту оюнга кыргыз футболчулары кошот. Кеттик, анда! 

2019-09-05 19:50:00

Тажикстан курама командасынын негизги курамы. 

2019-09-05 19:45:00

Бүгүнкү оюнга жаракаттарынан улам Виктор Майер, Гүлжигит Алыкулов жана үй-бүлөлүк себептерден улам команда капитаны Валерий Кичин катыша алышпайт. Кичин бүгүн үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткандыгы белгилүү болду. Капитанга бакыт каалайбыз! 

2019-09-05 19:28:00

Эки команданын негизги курамы белгилүү болду. Бул оюнга Крестинин Азия Кубогунда ойногон 5-4-1 тактикасын колдонот. 

Дарбазачы: Матяш

Коргоочулар: Сагынбаев - Байматов -Козубаев - Дүйшөбеков - Жыргалбек уулу

Жарым коргоочулар: Бернхардт - Мусабеков - Исраилов - Мурзаев

Чабуулчу: Люкс

2019-09-05 19:10:00

Урматтуу окурмандар, саналуу мүнөттөрдөн кийин 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстан-Кыргыз беттеши орун алат. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат. 

2019-09-05 00:00:00

Александр Крестининдин шакирттери Азия Кубогунан кийин бир эле жолу жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда Бишкекте Палестина менен болгон оюн 2:2 эсеби менен аяктаган. Эми жаңы кадамды таштоого убакыт келди. "Ак шумкар" үчүн жаңы чакырык - Катар-2022 мундиалы. 

2019-09-05 00:00:00
Күйөрмандар чоң экран аркылуу “Ак шумкарларды” алга сүрөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Munar90Munar
2019-09-05 22:06:18
Криш уходи сам пожалуйста поляга ойногону чыгардынбы криш буларды же
-3
Dembele84
2019-09-05 22:15:32
Munar90Munar,Эмне дегенин тушунуксуз?
+3
Munar90Munar
2019-09-05 22:06:54
эшек такалат буларга эшек такалашсын
-2
Munar90Munar
2019-09-05 22:08:04
эшекти точно 11 ри чогу болсо такалашат
-2
lightning57
2019-09-05 22:21:14
Болгону алдын ала мактанбай туруш керек эле
-1
Alixan-Nookat.2015
2019-09-05 22:22:07
Тажиктер жаман өлүмүш болот калп жыгылып оюнду созгонун көрүп жининди келтирет, ошол бойдон турбас кылып койгун келет.
0
katerina.li
2019-09-05 22:24:35
Волейболистерди жибериш керек болчу
-1
Ulik-real
2019-09-05 22:27:51
Ана Матяшды жоготподуго жыргатпайт ал
-2
Aimani
2019-09-06 00:11:14
Ulik-real,Матяш канча жолу сактап калды воротаны. Ал болбосо дагы 3-4гол кирмек
0
jigit.paren
2019-09-05 22:37:10
Крестининди алмаштырыш керек анын деңгээли ушул окшойт мындан ары кете албайт окшойт
+3
Aidar.001
2019-09-05 22:46:53
Топто го дейм куноо, топтоголок эмес окшойт топ!
+4
Kuyoo_bala
2019-09-06 08:18:12
Эх чычып алышты
-1
souza.j
2019-09-06 08:57:09
Ло. Бооуп калышыптыр го
0
Abdizhapar
2019-09-06 08:58:53
Качан болсо эле женилди деп журо берет экенбиз да
0
Tyty1990
2019-09-06 09:45:43
Сабыр кылалы
-1
Flowhive
2019-09-06 10:01:27
Козубаев да жакпайт
0
senchi
2019-09-06 17:16:53
Эмнеге футболчумун дешет Тажиктерденда женилгенден кийин ойнобой эле койгулачы суранам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан