Катар-2022: Кыргыз өлкөсүнүн тайпасында Тажикстан менен Монголия алдыга чыкты

Бүгүн, 5-сентябрда Катар-2022 мундиалына тандап алуу оюндары старт алды. Анда F тайпасында кыргыз футболчулары Тажикстан менен Дүйшөмбү шаарында кез келди. Оюн 1:0 эсебинде тажик футболчуларынын пайдасына чечилди.

Бул тайпадагы экинчи оюн Улан-Батордо болуп, Монголия Мьянманы 1:0 эсебинде жеңип алды. Жыйынтыгында, Тажикстан менен Монголия 3төн упайга ээ болуп, тайпада алдыңкы орундарга чыгышты.

Тайпанын башкы фаворити саналган Япония бул күнү ойногон жок. Тайпадагы кийинки оюндар 10-сентябрда өтөт, бирок бул күнү кыргыз футболчулары ойнобойт.

Күйөрмандар чоң экран аркылуу “Ак шумкарларды” алга сүрөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KAYRATBEK
2019-09-06 02:18:25
Биздин коргоочулар (защитниктер) ото ото начар. Биздин башыктыруучу коргоочулар менен ото коп иштешиш керек.
+1
Mamiev
2019-09-06 02:25:53
Дайыма өзүбүздү алдап келебиз ийгилик алдыда кийинки оюнда женебиз анан главный катышууда деп. Аракет жасаш керек да качанкыга чейин алдай беребиз өзүбүздү. Качан окуба женилди женилди деген сөз ушул футболдон эч эле онуго албадык го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан