Кой-Таштагы башаламандыктан 136 адам жабыркаган. Бишкектеги ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын баары үйлөрүнө чыгарылды

7-8-августта Кой-Таштагы башаламандыкта жалпысынан 136 адам жабыркаган. Учурда бейтаптардын дарылануусу аяктап, баары үйлөрүнө чыгарылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

"Жабыркагандардын бирөөсү Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан жакында эле чыгарылды. Абалы жакшы", - деди маалымат кызматынан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы кагылышуудан жалпысынан 136 адам жабыркаганы маалым болгон. Жабырлануучулардын ичинен 109 адамга ооруканалардан, дагы 27 бейтапка Кой-Таш айылынан медициналык жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ernestinio
2019-09-06 09:22:44
Эми озулоруну жакшы карашсын, эмне болоруун билбеген мындай окуяларга туш келбей
0
altyn-kumush
2019-09-06 09:23:42
Бул жерде жабыркагандардын баарына Атамбаевдин ишке ашпаган планы күнөөлүү. Эми алардын каражатын да АШАнын чөнтөгүнөн алсын.
+1
Dembele84
2019-09-06 09:29:36
АШАнын акчасына алданган манкурттар эми ойлоноор,андай нерсенин аягы жаман нерсе менен бутоору мээсине туяр
+1
Erik2018
2019-09-06 09:44:56
Кыргызстандын 6 млн калкынын тагдырын бир айыл менен озгортуп бийликти захват кылып алам деген АША бугунку кундо жеткиликтуу жоопко тартыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан