SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Сулайка Сыдралиева аттуу пенсионер кайрылды. Айтымында, ал Чүй облусундагы Москва районундагы айылдан Бишкекке келгенде коомдук транспорттор пенсиялык күбөлүгү бар болсо да жол кирени толук алышат.
"Мен күбөлүгүмдү көрсөтсөм айдоочулар ичинде "шаар тургуну" деген белги болуш керек, сиздин күбөлүктө андай жок экен деп жол акыны толук алышат. Мен Кыргыз өлкөсүндөгү пенсионер болуп жатсам эмнеге шаарга келгенде бул макамым эске алынбай калат? Ушул маселени эл өкүлдөрүнө жеткирүү үчүн 3 айдан бери Жогорку Кеңешке кире албай жүрөм. Пенсиялык күбөлүгү бар пенсионерге өлкөнүн кайсы аймагында болбосун, коомдук транспорт төмөндөтүлгөн жол кирени алышы керек", - дейт ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.