Президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Ташта каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева, жубайы Назира Базарбаева, бир тууганы Асанбек Ниязбеков жана уулу Тимур Ниязбеков менен жолугушту. Өлкө башчы Ниязбековдун жакындарына "Эрдик" медалын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда президенттин аппаратынан маалымдады.
Мамлекет башчы 2019-жылдын 7-августундагы окуяда курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына көңүл айтты. Ниязбеков бүт өмүрүн мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи. Террористтик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча бир катар операцияларга ийгиликтүү катышып, улуттук коопсуздук органдарынын ар түрдүү ведомстволук сыйлыктарына ээ болгон.
Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу болгонун баса белгиледи.
Ал эми Үсөнбек Ниязбековдун апасы өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп, энелердин көз жашы төгүлбөсүн деген каалоосун билдирди. Өктөм Мамаева президент кыргыз элинин бакубатчылыгы үчүн жемиштүү иштөөсүн каалады.
Президенттин Үсөнбек Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо (курман болгон соң) жөнүндөгү жарлыгына 27-августта кол коюлган.
7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.
47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 6 баласы калган.