"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Унааны басып калган дарактын тамырына залал келген болушу мүмкүн" дейт шаардык мэрия

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган унааны дарак басып калганы тууралуу окурмандар билдирген. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

"Кулап калган дарак "Кап Строй" курулуш компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн алдындагы бак болгон. Учурда юристтер дарактын кулап калуу себебин тактап жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча дарактын тамырына залал келген. Анткени дарак тамыры менен кулаган.

"Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери окуя болгон жерине барып, жолду тосуп калган даракты алышкан", - деди маалымат кызматынан.

Бишкек мэриясы айдоочуларды сак болууга чакырып, бак-дарактын алдына же жанына унааларын токтотпоону өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tular
2019-09-06 14:17:43
Анан кайда токтотсун участников?!
+3
tular
2019-09-06 14:19:27
Т9 менен жазылып кетти... унаасын деп жазгам
+3
artur999
2019-09-06 14:23:53
Иииии кокууй! Дарак кунолуу анда. Даракты соттогула, дарак жооп берсин и камагыла.))))
+5
Kyrgyz_bloger
2019-09-06 14:26:32
artur999,соттобойт аны дарака эн жакшы наказания отко салып куйгузот.
-1
Losw
2019-09-06 14:57:52
Kyrgyz_bloger, уй куруп жаткан компанияны сотко беруу керек. Корунуп эле турбайбы, бак дарактар аран эле турат, чирип баштаптыр.....

Жер калбай калгансып дарактардын тубуно такап уй салыптыр.....

Дарактын тубу шагылга айланса байкуш дарактар эртеби кечпи куурап чирийт да...
0
Shabi
2019-09-06 14:48:58
Тамыры деле кургап каган го
0
kamchatka
2019-09-06 14:52:20
Bishkeke mashine menen baryshtanda korkup kaldym darak basyp kalaby dep
-1
Jelezo
2019-09-06 14:55:08
Шылтоо менен таза дарактарды кыйып сатып башташат
+4
talaa11
2019-09-06 16:55:25
Машина байкуш кантет эки буктолуп калыптырго
+1
Kylychisa
2019-09-06 19:41:57
жолтоо болгон дарактын астына бирнерсе куюп кургатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан